Ош облусунун казысы "жаштардын диний агымдарга азгырылып жаткандыгы аларга туура багыт көрсөтүлбөй жаткандыгында" деди

Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов учурда жаштардын ар түрдүү туура эмес диний агымдарга азгырылып жаткандыгы аларга туура тарбия, туура багыт көрсөтүлбөгөнүнөн улам болуп жаткандыгын Кара-Кулжадагы "Шарип-Ата" мечитинде жергиликтүү жамаат менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, облус казысы жаштар акыркы кездерде дүйнөдө болуп жаткан кээ бир диний окуялардан таасирленип, туура эмес жолдорду тандап, аягы өкүнүчтүү бүтүп жатканын баса белгиледи.
Ушундай терс жолдордон туура жолго салуу үй-бүлөдө болобу же коомдо болобу, ар бир жарандын милдети экендигин жана ушундай иштерди жүргүзүүдө сабырдуулук менен тынымсыз эмгек керектигин хадистер менен мисал келтирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан