Ош. Өзгөн шаарынын күнү белгиленет

Өзгөн шаарында 30-октябрда белгилене турган Шаар күнүн өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, шаар мэри Нодирбек Каримов Шаар күнүнө карата көрүлүп жаткан даярдыктын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Кеңешменин жыйынтыгында шаардын көркүнө, көчөлөрдүн санитардык тазалыгына жана тротуарларга көңүл буруу керектиги, бул иштерге шаар тургундарын тартуу зарылдыгы белгиленди. 
Ошондой эле архитектура, мектеп кызматкерлерине жана кварталдык комитеттин өкүлдөрүнө көчөлөрдү жарыктандыруу, жарнамаларды жаңыртууга өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмаларды берүү керектиги айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан