Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 776,6 миң адамды түздү. Өткөн жылдын 1-январына карата калктын экономикалык активдүү бөлүгү 2 миллион 496,8 миңге барабар болгон. Ошол эле мезгилде 2 286 400 адам жумуш менен камсыз болсо, жумушсуздардын саны 210,4 миңди түзгөн. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын 1-октябрында расмий катталган жумушсуздардын саны 57,8 миң адам. Ал эми жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо жумушсуз катары 92,8 миң адам бар.