Бүгүн, 22-октябрда Бишкекте Ишке орноштуруу шаардык башкармалыгынын башкы кеңсесинде бош жумуш орундар жарманкеси болуп өттү. Ага 20дан ашуун белгилүү уюмдар жана ишканалар чакырылган. Жумуш берүүчүлөр дүкөндөрдө иштөөнү, соода менен алектенүү жана тез татым даярдоочу кызматтарды сунушташты.
Жалпысынан 420га жакын жумуш издеген жаран келип, керектүү кеңеш алышты. Аларга 4 миңден ашуун бош орун сунушталды. Жыйынтыгында 80 адам жумушка жолдомо алышты.
Иш-чарага катышкандардын көбү жаштар болуп, алардын басымдуу бөлүгү соода жана тез тамак-аш даярдоо кызматына кызыкканы белгилүү болду.