Кеминдеги нормадан ашыкча көмүр жүктөлгөн унаалар көзөмөл бекетинен айып пул төлөп өтүштү

Өткөн жумадан бери көмүр жүктөгөн 30га жакын унаа нормадан ашык жүктөгөнү үчүн Кеминдеги көзөмөл бекетинде токтоп турган. Кечээ түндөн баштап айдоочулар айып пул төлөп өтө башташты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 23:00дөн баштап Хово унаасынын айдоочулары Кеминдеги салмак өлчөөчү көзөмөл бекетинен чыгышты. Жылуулук электр борборуна кете турган унаалар коё берилип, ал эми ага тиешеси жоктор айып пул төлөшкөн. 

Эске салсак, буга чейин Кеминде Кара-Кеченин көмүрү жүктөлгөн 30га жакын унаа көзөмөл бекетинен өтпөй калган. Буга унааларга нормадан ашыкча көмүр жүктөп алышканы себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Multicam
2014-10-22 18:29:03
Биринчи куну эле тушунушсо болмок, каякта жургонун жакшылап ойлонуп.
0
asiret
2014-10-22 18:44:37
Эмне Жылуулук электр борборуна кете турган унаалар жолдубузбайбы. Мыйзам баарына бирдей болуш керек го...
0
zman53
2014-10-22 18:49:08
Айып пулду элдин чонтогунон кагып алышат.Элди ойлогон киши жок.Комурду элге алып келе жатышса,кое берип койсо деле болмок.Баары бир отушуптур да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан