22-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 744 миллион метр кубду түздү

22-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 744 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 229 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 209 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 410 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 298 метр кубду түзгөн. 

Эске салсак, өткөн жылы 22-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 916 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан