Ак-Талаа районунда жыл башынан бери ВИЧ илдетине 3 адам чалдыккан
Нарын облусунун
Ак-Талаа районунда ВИЧ-СПИД илдети менен ооруган 3 адам катталган. Бул тууралуу 22-октябрда Райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 9
айынын жыйынтыгында маалым болду.
Аталган мекеменин берген маалыматына ылайык, ВИЧ-СПИД илдети менен
2013-жылы бул аймакта 1 адам катталса, быйыл алардын саны 3 адамга жетти. Учурда алар борбор
калаада каттоого
туруп, тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө.