“Бүгүн Күрүч фестивалына келүүчү конокторду тосуп алууга даярдык көрүүдөбүз. Орусиядан бир нече окумуштуу келе жатат. Андан сырткары Тажикстан, Өзбекстандан коноктор келмекчи. Иш-чарага чет элдик консулдардын катышуусу да күтүлүүдө”,- дейт Болот Жолдошев.
Фестивалдын негизги максаты Өзгөндүн күрүчүн экспорттоо, аны өстүрүү менен алектенген элдердин улуттук маданиятын, каада-салтын кеңири жайылтуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.