Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан октябрь айында социалдык жөлөк пул үчүн жарым миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 350 миллион 302,1 миң сом мамлекеттик жөлөк пул алуучуларга бөлүнсө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун суммасы 43 миллион 466,8 миң сомду түзөт. Ошондой эле сөөктү жерге берүүгө жана кошумча жеңилдиктерге 18 миллион 172 миң сом берилди. Каржылоонун жалпы суммасы 511 миллион 941,1 миң сомго барабар.