Ош шаарында 22-октябрь күнү кечинде профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу таза суу токтотулган. 23-октябрда саат 00:00дөн баштап кайра бериле баштады.
“Ош шаардык суу-канал” муниципалдык ишканасынан маалымдашкандай, шаарда жылына эки маал: жазында жана күзүндө таза суу берүү токтотулуп, профилактикалык оңдоо иштери жүрүп турат.