Өлкөдөгү мектептерде окуучулар кышкы каникулга 29-декабрда чыгышат, жазгы каникул 3 күнгө кыскарды

Кыргызстандагы мектептерде окуучулар кышкы каникулга 29-декабрда чыгышат, жазгы каникул 3 күнгө кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Аталган мекеменин маалыматына ылайык, 2014-жылдын 29-декабрынан тартып 2015-жылдын 18-январына чейин кышкы эс алууга чыгышат. Мындан улам окуучулардын жазгы каникулу 3 күнгө кыскарган. Жазгы каникул 23-29-март күндөрү болуп, окуу жылы 2015-жылдын 29-майында аяктайт. Ал эми кесиптик окуу жайларда кышкы каникул 2015-жылдын 1-январынан 31-январына чейин деп белгиленди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан