“Биз доллардын өсүшү же төмөндөшү тууралуу болжолдорду бере албайбыз”,- деди бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш.
Анын айтымында, буга Кыргызстанда валюта алмаштыруу курсунун өзгөрмө режимде иштегендиги себеп болууда. “Жылдын башынан бери доллардын курсу 13,98 пайызга өсүп, 49,1894 сомдон 56,066 сомго чейин кымбаттады”,- деди ал.