Баткен. Пүлгөн - Көк-Талаа унаа жолу ноябрь айында колдонууга берилет

Баткен облусунун Кадамжай районунда кытайлык компания тарабынан салынып жаткан Пүлгөн - Көк-Талаа унаа жолу ноябрь айында колдонууга берилет. 
Аталган жол Ош-Исфана жол куруу долбоорунун алкагында курулуп жатат. Долбоордун үстүндө иштеп жаткан компаниянын башкы инженери Фын Жунун айтымында, жолдун курулушуна Европа банкы тарабынан 9 миллион евро гранттык каражат бөлүнгөн. Жумуш 2013-жылдын март айында башталган. 
Пүлгөн - Көк-Талаа жолунун узундугу 14,3 чакырымды түзөт. Жолду курууга 42 техника машиналары алынып келинип, анда жалпысынан 108 жумушчу иштейт. Анын ичинен 47си жергиликтүүлөр.
Ошол жерде иштеп жаткан жумушчулардын бири Акмат Жунушов: "Жолдун курулушу кыргыз эли үчүн абдан маанилүү. Негизгиси, жолдун сапаты жакшы. Мен өзүм Оштон каттап иштеп жатам. Ушундай долбоорлор көп болуп, башка аймактарда да жолдордун оңдолушун каалаар элем",- дейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ibragim864
2014-10-23 14:42:41
Ак жолтой жол болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан