Шашылыш билдирүү: 27-29-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап, карга айланат

27-29-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу 23-октябрда "Кыргызгидромет" агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, республиканын Ош, Жалал-Абад облустарынын пахта себүүчү аймактарында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Айрым аймактарда абанын температурасы төмөнкүдөй болушу күтүлөт: 
Дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 0…-5° суук (пахта себүүчү аймактарда -1…-3° үшүк жүрөт), күндүз 0…+5° жылуу;
Тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2°суук…+3° жылуу;
Тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -3…-8° суук;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт. 
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kindly_girl91
2014-10-24 12:20:45
allaxim ozu saktasin biyilki aba irayi oto kataal boldugo jaz kesh kelip,kiw erte bawtaldigo.
0
isaasa
2014-10-24 13:40:13
Кудаrй озу сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан