Курулуш ишканасынын башчысы "Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды оңдоодо даяр долбоор жок болчу, муну бийлик өкүлдөрү түшүнгүлөрү келбей жатышат" дейт
Бүгүн, 23-октябрда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды оңдоп-түзөө иштерин моюнга алган "Темир-Канат" ишканасынын директору Эркинбек Меркенбаев мындан ары мамлекеттик жоопкерчиликти албай турганын айтты. "Бизге мамлекет тарабынан заказ берилип жаткан соң даяр смета, долбоор берилиши керек болчу. Бирок биз ишти баштаганда мунун бири жок эле. Алгач ат майданын 5 миң кишиге тууралоону чечип, анан кайра бул чечимден баш тартканбыз. Ат майдан 7 миң кишиге туураланды. Бул үчүн көп каражат сарпталды. Ошондой эле 52 күн ичинде ишти шашылыш бүтүрүү үчүн бизге кошумча техникалар, кошумча кызматкерлер керек болду. Муну айрым чиновниктер түшүнгүлөрү келбей жатышат. Алар "жумуш 50 миллион сомго бүткөрүлгөн, силер 20 миллион сомду өзүңөргө алып алдыңар" дешүүдө. Ошол эле учурда курулушка 300 тонна металл колдонулса, алар 120 тонна колдонулду деп жатышат",- деди ал.