Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу эт-сүт азыктарынын баалары боюнча тегерек стол өтүп жатат

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте Экономика министрлигинде Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу эт-сүт азыктарынын баалары боюнча тегерек стол башталды. Иш-чара аталган министрликтин башчысынын орун басары Данил Ибраевдин жетекчилигинин алдында жүрүп жатат.

Д.Ибраевдин айтымында, бүгүнкү тегерек столго эт-сүт азыктарын өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери, дыйкандар жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин мүчөлөрү чакырылган. “Бул иш-чаранын максаты -силердин пикирлериңирди угуп, керектүү иш-аракеттерди көрүү. Бажы биримдигине киргенибизде эт-сүт өндүрүүчү ири ишканалар менен атаандашууга мүмкүнчүлүк болот. Биз кыргызстандык ишканаларга жардам көрсөтүүгө, өнүгүп кетиши үчүн шарттарды түзүүгө ниеттенүүдөбүз”,- деп кайрылды катышуучуларга Ибраев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан