Непал Демократиялык Федеративдик Республикасынын парламентарийлери КРнын Социалдык өнүгүү министринин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов менен жолугушууда Кыргызстандын аймактарындагы балдарды коргоо боюнча мыкты мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгилеп өтүштү. Бул тууралуу 23-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Непалдын өкүлдөрү алардын өлкөсүндө жаңы Конституция жазылып жаткандыгын, Кыргызстандын аялдарды жана балдарды коргоо тармагындагы тажрыйбасына кызыкдар экенин айтышкан.
Ошондой эле Непал 10 жылга созулган ич ара келише албастыкты башынан кечиргени жана мунун натыйжасында аялдар көп запкы тартканы айтылды.
"Биз улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, турмушу оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө жна балдарга жардам көрсөтөбүз. Балдарды коргоо жаатында КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги 2011-жылдан бери иш алып барууда",- дейт Б.Жекшенов.