Экономика министрлиги: “Бажы биримдигине киргенде дыйкандар продукцияларын эки эсе кымбат сата башташат деп үмүттөндүрбөйбүз”

“Бажы биримдигине кирүү менен дыйкандар өз продукцияларын эки эсе кымбат сата баштайт деп үмүттөндүрбөйбүз”,- деди бүгүн, 23-октябрда Бишкекте эт-сүт азыктарынын баалары боюнча тегерек столдун жүрүшүндө экономика министринин орун басары Данил Ибраев.

“Ошол эле учурда дыйкандар өз продукцияларынын эки эсе көбүрөөк көлөмү менен Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттерине чыгууга мүмкүн болот деп айта алабыз. Биздин эт өндүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү майда ишканалар болууда. Ири дүкөндөр тармактары майда ишканалар менен иштешпейт. Биздин продукциялар ортомчулар аркылуу базарларда сатылууда. Мындан тышкары майда ишканалар туруктуу эмес. Алар бааларын рыноктун абалына карата улам өзгөртүшөт”,- деди Ибраев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Manasasman
2014-10-23 17:10:30
Сатасынар сатпайсынар ушугу да койбоду келжирегенин. Кыжырды кетирип.
+1
Specsgruppa_NSS
2014-10-23 17:17:10
Бажы биримдигине кирсек айыл чарба продукцияларын баланчадын сатабыз, жеңил өнөр жайынын товарын түкүнчөдөн сатабыз, кыйратабыз, жыргайбыз деп убада беришти эле. Көрсө өкмөттө бет деле жок калган турбайбы. Эми Бажы биримдигине кирүүбүзгө аз калганда, тагыраагы артка кайтканга жол жок калган мезгилде чыныгы жүздөрүн көргөзо башташты көрүнөт.
+2
Dadin1
2014-10-23 17:19:48
Откондо эле дыйкандар продукцияларынарды укмуш кымбатка сатасынар,кирешенер кобойуп акчанын тубундо каласынар деп жар салып кыйкырып жатпадынар беле!Жон эле айтпайсынарбы бизде бир министр бар ошол монополиякылып алган ошол койгон баада ага сатасынар ал каалаган баасында чет жака сатып устунордон акча жейт деп эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан