Бишкек шаарында күнүнө 100 троллейбус, 150 автобус жана 2600 кичи автобус линияга чыгат. Мэриянын маалыматына таянсак, учурда троллейбустар 9 маршрут боюнча, автобустар 15 маршрут боюнча, кичи автобустар 119 маршрут боюнча каттамга чыгууда. Шаардыктарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында шаарга 79 троллейбус сатылып алынары айтылды.
Расмий маалыматтар боюнча, борбор шаарда 900 миңге жакын жаран жашаары, расмий эмес маалыматтарда бул сан 1 миллиондон ашык экени айтылат.