Бишкекте бүгүн, 24-октябрда зомбулукка кабылган балдарды аныктоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат. Бул тууралуу Кыргызстанда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ассоциациядан билдиришти.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр балага кордук көрсөткөн 107 факты орун алган. Айрым маалыматтарга ылайык, балдар көп учурда жакындарынын зордук-зомбулугуна кабылышат.
“Балдарды зомбулуктан чогуу сактап калалы” аттуу маалымат өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүп жаткан тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар министрликтердин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.