Темир Сариев: "Инвесторлордун Кыргызстандагы коопсуздугу үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө"

"Инвесторлордун Кыргызстанда коопсуз иш жүргүзүүсүнө керектүү шарттар түзүлүүдө",- деди бүгүн, 24-октябрда “КРнын “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Транспорт-логистик борборун өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешинин отурумунда КРнын Экономика министри Темир Сариев.

Анын айтымында, 2013-жылы өлкөгө көлөмү 1 миллиард сомго жакын инвестициялар келген. "Бул жакшы көрсөткүч, бирок Кыргызстандын инвестицияларга болгон муктаждыгы чоң. Бул муктаждык 25 пайызга гана канааттандырылууда. 2017-жылга чейин калктын ички дүң продукциясынын (ВВП) көрсөткүчүн эки эсе жогорулатууга ниеттенүүдөбүз. Бул максатты ишке ашырыш үчүн 78 ири улуттук долбоор бар. Алардын айрымдары иштеп жатат. Жакында инвесторлордун жардамы менен "Коопсуз шаар" долбоору жана медицина тармагындагы долбоор иштей баштайт",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zman53
2014-10-24 11:12:58
2-чи Мечтатель!
0
Dadin1
2014-10-24 12:12:51
Кыргызстанда канча завод куруп жаткандыгын айта кетиниз же озунуз айткандай список кылып жаза кетсениз жакшы болот эле Темир Сариев мырза бизда билип алалы.
0
dani2014
2014-10-25 02:48:52
Канчалаган митингдерди, тонкорушторду кылбаганыбызда, ал шарттар да бузклбайт болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан