Ош шаарындагы 32 мамлекеттик, муниципалдык бала бакча тамак бышыруу үчүн суюлтулган газ баллондор менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Бала бакчалардын сыртына экиден газ баллон орнотконбуз. Алардан атайын куур аркылуу ашканага киргизип иштетишет. Бул жерде жарылып кетүү коркунучун эске алып ушундай кадамга бардык”,- дейт Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
Мэрдин айтымына караганда, көгүлтүр от менен камсыз кылууда балдардын коопсуздугу эске алынган. Андан сырткары ар бир мамлекеттик бала бакча мэриянын тийиштүү мекемелер тарабынан кошумча отундар менен камсыздалып, от казандары курулган.