КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин демилгеси, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен Өзгөн шаарында Күрүч фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Күрүч фестивалы Борбор Азияда алгачкы жолу өтүүдө. КРнын Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты – күрүч өстүрүү чарбасына, дегеле күрүч өстүргөн дыйкан-фермерлердин маселесине, кыргыз жеринде өндүрүлгөн күрүчтүн түрү менен сапатына коомчулуктун көңүлүн буруу.
Фестивалга катышып жаткан мамлекеттердин өкүлдөрү күрүчтөн жасалган тамак-аштын түрүн тартуу кылышат жана өз өлкөсүндө күрүч кандай өстүрүлөт, канча түрү бар бар жана аларга кандай техникалар тартыларын айтып беришет.
Ошондой эле күрүч талаалары менен тегирмендери иш жүзүндө көрсөтүлөт. Жергиликтүү эл күрүч өсүмдүгүн өстүрүү жана жыйнап алуунун илгертен келе жаткан салттарын оюн-зоок аркылуу чагылдырат. Иш-чара илимий-практикалык, маданий программалар менен коштолмокчу.