Борбор калаага 27-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкекте жылуулук берүү мезгили 27-октябрдан тарта башталат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев билдирди.

Маалым болгондой, келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу сезонунда 16 меш иштемекчи.

“Жылытуу сезонун кийинки жумада баштоону пландап жатабыз. Азыр баары даяр болду”,дейт А.Воропаев. Бишкекте жылуулук биринчи кезекте, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң турак үйлөргө жана объектинин кышкы шарттарды иштөөгө даярдыгы тууралуу актысын көрсөтүү менен мурда жылуулук энергиясына карызы жок өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан