Айыл чарба министрлиги: Акыркы үч жылдан бери өлкө аймагында күрүч өстүрүүчү аянттар кеңейүүдө

Акыркы үч жылда республикада күрүч өстүрүүнүн аянты кеңейди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Өзгөн шаарында өтүп жаткан Күрүч фестивалында билдирди.  

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2013-жылы күрүч 7,96 миң гектар жерге эгилген болсо, үстүбүздөгү жылы 8,1 миң гектар жерди ээледи. Күрүчтүн түшүмдүүлүгү да өсүүдө, өткөн жылы гектарына 33,9 центнер түшүм алынган.

“Күрүчтүн кызыл даны менен белгилүү “Өзгөн” ("Девзира"), ак дандуу “Баткен” (“Лангар”, “Ак-Турпак”, “Жайдары”, “Келте-Күрүч”) сортторуна суроо-талап күч. Андан жасалган аш-палоолор да даамдуулугу менен белгилүү”,- деди Т.Айдаралиев.

Азыр Өзгөндүн күрүчүнүн 1 килограммы 150-160 сомду түзсө, Баткендин күрүчү 100-110 сомдун тегерегинде. Ал эми Казакстан, Орусия, Индия, Кытай, Пакистан жана Кореядан алынып келген күрүчтөрдүн 1 килограммы 50-75 сомго чейин. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан