Малиде жана Америкада Эбола вирусу дагы катталды

Батыш Африкадагы Малиде Эбола вирусу алгачкы жолу катталды. Бул тууралуу Малинин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин бүгүн, 24-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, коркунучтуу вирус коңшулаш Гвинеядан келген 2 жашар кыздан табылган.

"Кечээ Эбола вирусун жуктуруп алган 2 жашар кыз Каес шаарындагы ооруканага жаткырылды. Ал кыз менен контактта болгон жакындары карантинге алынышты",- дейт Малинин саламаттыкты сактоо министри Усман Коне.

Дарыгерлердин айтымында, жаш кыздын апасы бир нече апта мурда Гвинеяда каза болгон, ошондон улам кызды жакындары Малиге алып келишкен. Учурда Мали Африкадагы Эбола вирусу катталган алтынчы мамлекет деп айтылууда. Вирустан жабыркап жаткан өлкөлөр: Гвинея, Либерия, Сьерра-Леоне, Нигерия, Сенегал жана Мали.

Ошондой эле АКШда Эбола вирусун жуктуруп алган дагы бир жаран катталды. Гвинеяда Эбола менен ооруган бейтаптарды дарылаган Нью-Йорк шаарынын дарыгери АКШга келгенде өзү дагы ооруп калганы аныкталды. Учурда 33 жаштагы дарыгер Крейг Спенсер Манхэттендеги ооруканалардын биринде дарыланууда. Шаар бийлиги аны менен ким контактта болгонун аныктоодо. Аталган дарыгер АКШда Эбола вирусун жуктурган төртүнчү киши.

Эске салсак, дүйнө боюнча Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 9936 адамга жеткен. Ал эми андан каза тапкандардын саны 4877 адамды түзүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bema_bema
2014-10-24 14:54:02
Кудай сактаа
0
temirov76
2014-10-24 16:09:07
АЛЛАХ сактасынчы мындайды кинодон гана корчу элек,эми турмушта эле кезиге баштады окшойт.
0
janchar
2014-10-24 18:47:47
6-олко деп жазылыптыр кайсы-кайсы олколорду жазбапсынар.жазып койгулачы.
0
Survey
2014-10-25 00:42:17
бул ойлоп табылган вирус керек болсо спиддин дагы даарысы бар экенин окумуштуулар тастыктаган.бул медицинанын сыры...
+2
Sharipa-asia
2014-10-25 01:17:49
Кудай сактасыыыын
0
Ulik82
2014-10-25 07:53:14
Африкадан келген бананды жебегиле дейт бироо))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан