Германия КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматына 1976-жылы чыккан Magirus-Deutz үлгүсүндөгү унаасын белекке берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өрт өчүрүүчү унаа Свердлов районуна караштуу №3-өрт өчүрүү кызматына пайдаланууга берилет.