Окуучулар Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын музейинде экскурсияда болушту

Кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата мектеп окуучулары Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын музейинде экскурсияда болушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Балдар иш-чарада кыргыз милициясынын тарыхы, кызмат өтөө учурунда каза болгон тартип сакчыларынын баатырдык сапаттары менен таанышышты. Бишкек ШИИББинин ардагерлер кеңешинин  төрайымы Зулайка Кожобекова: “Милициянын кызматы менен таанышуу жана музейдеги экскурсия балдарга абдан жакты. Бул алардын жанган көздөрүнөн, кызыгып берген суроолорунан көрүнүп турду. Келечекте алардын баары биздин мамлекеттин мыйзамына баш ийген жарандар болоруна жана арасынан кээ бири сөзсүз түрдө өз жашоосун милиция кызматына арнаарына ишенем”,- деди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан