17-ноябрга чейин электр энергиясы боюнча тарифтик саясатты кабыл алуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда жылытуу мезгилине даярдоо маселелери боюнча селектордук жыйында КРнын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы тарифтик саясат боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштерди жүргүзүү зарыл. “Мындай милдетти аткарууда республикадагы жергиликтүү бийликтерге тапшыруу керек. Бардык сунуштарды, ойлорду, сын-пикирлерди эске алып, туура тарифтик саясатты кабыл алышыбыз туура”,- деп кайрылды премьер-министр Жоомарт Оторбаевге ал.