Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 25-октябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Тыныстанов, Линейная көчөлөрүндө жана Көк-Жар конушундагы көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Мындан тышкары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн (Молодёжная, Гоголь, Станционный Тупик, Суворов көчөлөрүндө, ГЭС-3 кыштагынын орто мектебинде), Садовое, Ленинское (Восточная, Виноградная, Алматы, Набережная, Коммунарская, Садовая көчөлөрүндө, Зелёная тар көчөсүндө), Гроздь (Беш-Күнгөй, Кой-Таш, Чоң-Таш айылдарында жана ГЭС-3 тараптагы абадагы электр чубалгыларын жана көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан