24-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 717 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 218 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 195 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 347 метр куб болсо, былтыр ал көрсөткүч 343 метр кубду түзгөн.
Эске салсак, өткөн жылы 24-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 892 миллион метр кубду түзгөн.