Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 22-октябрдагы буйругу менен Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлерине өкмөттүн Ардак грамотасы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сыйлык Мугалимдер күнүн белгилөөгө карата, билим берүү системин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.
Төмөнкүлөр сыйланышты: Ош мамлекеттик университетинин менеджмент жана бизнес факультетинин деканы Авазбек Асанов, математика жана алгебра, геометрия кафедрасынын башчысы Гүлбадан Матиева жана ботаника, биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Акынбек Тажибаев.