Ош шаарында социалдык жактан муктаж 240 үй-бүлөгө Беларустан алынып келинген газ баллондор тапшырылды

Ош шаарындагы 240 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө газ баллондор берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Беларустан алынып келинген газ баллондорду өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.  

Жалпысынан Ош шаарындагы 5226 социалдык жактан муктаж болгон жарандарга электр мештери жана газ баллондор берилмекчи.

“Газ баллондор 1775 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылып берилет”,- деп белгилешти басма сөз кызматынан.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Гулжигит
2014-10-24 18:10:21
Чон рахмат Лукашенко жана Бакиев!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан