Бишкекте жол оңдоодо сарпталчу каражаттарды 15 пайызга чейин үнөмдөгөн техника көрсөтүлдү

Шаардык ишканалардын бири Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине жол чуңкурларын оңдоочу жаңы техниканы сунуштады. Аталган техника салттуу оңдоолорго сарпталчу каражаттарга салыштырмалуу 10-15 пайызга үнөмдүү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаңы техника жол оңдоодогу эски техникаларга салыштырмалуу ыңгайлуу. Биринчиден, бул техниканын иштөө ыкмасы аба ырайына карабайт, -7... -8 градус суукка карабастан иштетүүгө болот. Экинчиден, жол кыймылын жабуу талап кылынбайт. Андан тышкары оңдоо иштерин айдоочуну кошкондо 2 адам гана аткарса болот. Бир күндө 150 метр жолго асфальт-бетон төшөп, ошол эле учурда колдонууга болот" деп айтылат маалыматта.

“1 чарчы метр чуңкурду оңдоо 850 сомду түзөт. Кепилдик 1 жылга берилет. Жолду колдонууда оор жүк ташуучу техникалардан анча чоң эмес майышуулар болушу мүмкүн”,- деп белгиледи Торговый дом Российская техника ЖЧКсынын директору Олег Кортунов.

Анын айтуусуна караганда, аталган техника алдын ала тазалоолорду талап кылбайт. Майда жаракадан баштап чоң чуңкурларга чейин эч тоскоолдуксуз оңдоого болорун белгиледи. Аталган көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттары, “Бишкек асфальт-сервис” ишканасынын өкүлдөрү, Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Комиссия тарабынан бир ай сыноо мөөнөтү берилип, жыйынтыгына жараша ал тууралуу дагы талкуулашарын белгилешти.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin1
2014-10-24 18:28:51
Аткаминерлер уурдаганын токтотсо эле жол курууда сарпталган каражаттарды 15% ке эмес 100% ке уномдосо болот.Каражаттарды сарптоо кыйын теорема деле эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан