Баткен шаарынын 15 жылдык мааракесинде шаардын тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлдү

Бүгүн, 24-октябрда Баткен шаарынын 15 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн Дилара Парпиева билдирди.
Алгач Баткен шаары жана жетишкен экономикасы тууралуу кыска тасма көрсөтүлүп, шаар мэри Жаныбек Жалалов сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө шаардын жетишкендиктери тууралуу белгилеп өттү.
Иш-чарага ЖКнын депутаттары К.Орозова, У.Кочкоров, А.Абдрашитов, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары катышышты.
Анда вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Ардак грамоталарын тийиштүү жетекчилерге тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан