Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №26-орто мектептеги башталгыч класстын окуучулары мектептин ичинде үйлөрүнөн кийип келген бут кийимдерин чечип, жеңил бут кийим кийип жүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда аталган мектептин директору
Рахматулла Мерзадаев билдирди.
Анын айтымында, балдардын организми ооруларды бат кабыл алуучу учур болот. Ошондуктан окуучулардын ден соолугун сактоо үчүн ушул жол тандалган. "Биздин мектеп 950 окуучуга ылайыкташкан, бирок 1754 окуучу билим алат. Алар 3 нөөмөт менен окуп келишкен. Быйылкы окуу жылында бул көйгөйдү чечүүгө Борбордук Азиянын Евразия фонду жардам көрсөтүп, коридорлорго кошумча окуу бөлмөлөрүн ачып беришти. Учурда балдар эки нөөмөттө окуп жатышат",- деди мектеп директору.