Бишкектеги М.Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүн кечке чейин жабык болот. Мэрия кабарлагандай, бүгүн, 25-октябрда Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө стантрайдинг боюнча Чыгыш Европа чемпиондугунун катышуучулары өз өнөрлөрүн коомчулукка тартуулашат. Иш-чара саат 09:00дөн 19:00гө чейин уланары айтылды.
Стантрайдинг - мотоцикл менен трюктарды көрсөтүү.