"2014-жылдын 4-декабрында "Манас" эпосунун ЮНЕСКОнун маданий мурастарды коргоо тизмесине кошулганына бир жыл болот. Ошого байланыштуу мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулса туура болмок. Ал тургай бул күндү жыл сайын Манас күнү катары белгилеп койсок, андан бетер жарашып калмак",- дейт манасчы
Рыспай Исаков. Муну бүгүн парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Парламент" радиосунун түз эфиринде болгон Исаков Манас таануу багытындагы иштерди алдыга жылдыруу үчүн манасчыларды эл-жер аралатып, "Манас" айттырса жакшы болорун белгилейт.