Бишкекте Автотранспорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бишкек шаардык жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасынын кызматкерлери 24-октябрда кесиптик майрамын белгилешти. Иш-чарага шаардын вице-мэри Олег Попиков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов жана мекеменин кызматкерлери катышып, алдынкы кызматкерлерге мэриянын Ардак грамоталары тапшырылды. Вице-мэр тармактын кызматкерлерин куттуктап: "Ар кандай кыйынчылыктарга карабай биздин кызматкерлер таң эртеден түнгө чейин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин татыктуу аткарышууда. Ысык-суукка карабай жүргүнчүлөрдү тейлеп, бишкектиктердин коопсуздугун камсыз кылышууда",- деди.  

Жыйын эстрада ырчыларынын концерттик программасы менен коштолгонун билдирди мэрия.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан