Бишкекте бүгүн, 27-октябрда жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, күзгү-кышкы жылытуу сезонунда 16 меш иштемекчи. Жылуулук биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң турак үйлөргө жана объектинин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы тууралуу актысын көрсөтүү менен мурда жылуулук энергиясына карызы жок өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине берилмекчи.