Чет өлкөлүк укук коргоочулар Кыргызстанда абактагы аялдардын санын кыскартуу жана жумушка орноштурууну сунушташты

Чет өлкөлүк укук коргоочулар Кыргызстанда абакта отурган аялдардын санын кыскартуу жана жумушка орношууга жардам берүүнү сунушташты. Муну алар бүгүн, 27-октябрда “Кыргызстандагы эркиндиктен ажыратуу жана чектөө жерлериндеги балдар менен аялдар: көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдиришти.

Адис, укук коргоочу Оливия Роундун айтымында, Кыргызстанда 3 бангкоктук эреже кабыл алынышы туура. “Булар: абактарда отурган аялдардын санын кыскартуу, абактарда саламаттыкты сактоо мекемелерин ачуу, абактан чыккан аялдарга коомго кирүүгө жана жумушка орношууга жардам берүү”,- деди ал.

Мындан тышкары адис аялдардын кылмышка негизсиз барбагандыгын баса белгиледи. “Аялдардын көбү зордук-зомбулукка алынган соң кылмышка барышат. Айрымдар үй-бүлөсүн коргоп жатып мыйзам бузууга барышат”,- деп түшүндүрдү О.Роун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан