Маянанын аздыгынан дарыгерлер колонияда иштөөдөн баш тартып жаткандыгы айтылды

“Кыргызстанда акча каражаттын жетишсиздигинен дарыгерлер жана психологдор эркиндиктен ажыратуучу жайларда иштөөдөн баш тартышууда”,- деди №2-түзөтүү колониясынын башчысы Мирбек Миңбаев. Муну ал бүгүн, 27-октябрда “Кыргызстандагы эркиндиктен ажыратуу жана чектөө жерлериндеги балдар менен аялдар: көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, ал жетектеген мекемеде психологиялык билими жок психолог иштейт. “Жаза-аткаруу кызматынын жетекчилиги муну билет. Абакта отургандарга психологиялык жардам керек. Ошондуктан биз жогорку билимдүү психологдорго муктажбыз. Бирок айлык акынын аздыгынан алар бизде иштегиси келбейт”- деди Миңбаев.

Мындан тышкары ал дарыгерлердин жетишпегендиги тууралуу баса белгиледи: “Бизде дарыгерлер да жетишсиз. Биздин колонияда 3 дарыгер менен келишим түзүлгөн. Алар бир аптада 3 жолу келип 2-3 саат иштеп кетишет. Мындан улам медициналык жардамга муктаж аялдарды ооруканаларга аргасыз жеткирип жатабыз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан