Мэрия: Бишкектин көчөлөрүндөгү карды тазалоо иштерине 4 атайын унаа жана 24 кызматкер тартылды

Бишкектин көчөлөрүндөгү карды тазалоо иштерине 4 атайын унаа жана 24 кызматкер тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   

Буга чейин "Кыргызгидромет" Кыргызстан боюнча 27-29-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү болору тууралуу маалымат берген. Аба ырайынын мындай шарттары автотранспорттун, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын иштерин оорлотууда.

Борбор калаада жаан-чачын кечээ, 26-октябрь күнү кечинде башталып, катуу шамал жана кар жаагандан улам көптөгөн дарактар сынып, айрымдары жыгылып калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin1
2014-10-27 12:15:10
Ак уй менен Мэриянын алды эле БИШКЕК эмесда,Кызыкко эмне 4 унаа жетеби 24 кызматкери менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан