27-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 677 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,36 пайызга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 217 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 248 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 372 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 366 метр кубду түзгөн.
Эске салсак, өткөн жылы 27-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 857 миллион метр кубду түзгөн.