Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Ош шаарынын мэриясынын буйругу менен 27-октябрдан тарта социалдык жана турак жай объекттерине жылуулук берилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жылуулук түшкө маал берилип баштамакчы. Ош шаарында 53 мектеп, 29 бала бакча, 24 медициналык мекеме, 640 көп кабаттуу турак үй бар.