26-27-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкө боюнча жааган кар Бишкек шаарын да ак түскө боёду. Бишкекте жааган кардын калыңдыгы 10 сантиметрден ашты. Кардын жаашы ыңгайсыздык жаратса да, калаа тургундарына жагымдуу маанай тартуулады. Айлананын кооздугуна суктанып сейилдегендер да жок эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл",- деп билдирди.