Бүгүн, 27-октябрда “2014-2017-жылдарга электр энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулардын жүрүшүндө Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаментинин башчысы Нурбек Элебаев: “Түркмөнстандан электр энергияны сатып алып, аны Өзбекстандын аймагынан өткөрүүдө тоскоолдук болуп жатат”,- деп билдирди.
Анын билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин өкмөт өкүлдөрү электр энергия сатып алуу боюнча Казакстан жана Түркмөнстанга иш сапарлары менен барып келишти. “Учурда 2,4 миллиард киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз болууда. Кыргызстанда 7,4 миллиард киловатт-саат чыгарылса, жалпысынан 9,8 миллиард киловатт-саат керек болууда”,- деди ал.
Мындан тышкары Элебаев Казакстандан электр энергия сатып алуу иш жүзүнө аша турганын жана арзаныраак болорун баса белгиледи.