“Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аймагы боюнча Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эң арзан”,- деди бүгүн, 27-октябрда КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев.
Анын айтымында, аталган уюмдун аймагында электр энергиясына болгон баалар 2 сомдон 8 сомго чейин болууда. “Айрым мамлекеттерде 10-12 сомго чейин жетүүдө. Европаны карасак, Германияда электр энергия 25 сомдон. Бул жерде жарандар үйлөрүн электр энергиясы менен жылытпайт. Кыргызстанда баа эң арзан бойдон сакталып калган, анткени ал социалдык тармакка багытталган”,- деди министр.
Айта кетсек, бүгүн, 27-октябрда Бишкектин мэриясында “2014-2017-жылдарга электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат” аттуу коомдук угуулар өтүп жатат.