Нарын шаарында бүгүнкү күндөн тарта жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Нарын шаардык мэриясынын №286-токтомунун негизинде шаардагы борбордук от казан менен жылыган имарат жана турак жайлардын баарына жылуулук берилүүдө. Кышкы мезгилге карата жалпысынан 2400 тонна көмүр отуну керектелип, азыркы учурда 100 пайыз көмүр таратылып бүткөн.
Маалым болгондой, шаарда 150дөн ашык билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана 29 социалдык имараттар, 82 көп кабаттуу турак жай жылытылат.