Быйыл көмүрдүн 1 тоннасы 4500 сомго чейин болууда, былтыр баа 3500-3800 сом болгон

Бензин жана доллар сыяктуу эле базардагы көмүргө болгон баа да былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттоодо. Былтыр 1 тонна көмүр сапатына жараша 1500 сомдон 3500-3800 сомго чейин болсо, учурда анын наркы 1500 сомдон 4000-4500 сомго чейин болууда.

“Кара-Кече”, "Шабыркүл" көмүрүнүн 45-50 килограмм келген 1 мүшөгүнүн баасы 220-250 сомду түзүп жатат. Базардагы көмүр сатуучулардын айтымына караганда, былтыр 1 мүшөк көмүрдүн баасы 270 сомго чейин чыккан. Ал эми “Шабыркүл” көмүрүнүн 1 мүшөгүнүн салмагы 60 килограммга чейин болууда. 

Азыркы учурда Кара-Кечеден көмүр ташып келген алып-сатуучулар көмүрдүн баасын кымбаттатып жатышат. Андан улам биз да анын баасын көтөрүүдөбүз. Айрым маалыматтарга караганда, жакын арада көмүрдүн баасы дагы көтөрүлөт деген божомолдор жүрүүдө. Былтыр жакшы күйгөн көмүрдүн 1 тоннасын 3500-3800 сомго чейин алчубуз. Быйыл анын баасы 4000ге чыкты, ал эми биздин жеткирип берүү кызматыбызды кошкондо 4500 сомго чейин кымбаттап кетип жатат”,- дейт көмүр саткандардын бири Рамис аттуу мырза.

Анын айтымында, көмүрдүн баасы карьерден чыккан баасынан көз каранды. Баанын кымбаттоосуна буга чейин Кеминдеги көзөмөл бекетинде 30га жакын Хово унаасы нормадан ашыкча "Кара-Кече" көмүрүн жүктөп алышканы үчүн бир жумага жакын убакыт кармалып турганы себеп болгон. 

Атайын көмүр сатуучу түйүндөрдөгү көмүрдүн 1 тоннасы сапатына жараша 1500 сомдон 4500 сомго чейин. Бүгүн биринчи кар жана сууктун түшүшү менен көмүр 10-20 сомго кымбаттаган. Кечээ 1 мүшөк көмүрдүн баасы 220 сомдон болсо, бүгүн анын баасы 230-250 сомду чапчыды. Ал эми көмүрдүн калбырдан өткөн майдасынын 1 мүшөгү 100-120 сомго чейин болсо, 1 тоннасы 1000 сомдун айланасында. Бул көмүрдү кыш чыгаруучу мекемелер же Жылуулук электр борборлору колдонууда. Ошондой эле отундун 1 мүшөгүнүн баасы 180-200 сомдун тегерегинде, ал эми былтыр анын баасы 150 сомдун айланасында болгону маалым. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sagyn01
2014-10-28 04:47:57
Ноокатта баары ен арзан 6000 сомдон сатып алышып жатат
0
Shai
2014-10-28 13:38:51
Бугун мен комур алайын деп Ош шаарынын бут жерин кыдырдым арзаны 6 сомдон 6,5 сомго чейин сатылып атат. Жанылыктардан берип жатат 5 сомдон сатылып жатат комур деп. Ошол комурдун дарегин жазып калтыргылачы барып алайын.
0
Kalin466
2014-10-28 14:11:32
Былтыр региондордо 7000ге чейин чыккан. 3600сом деп кайдага бааны айтасынар? Же Бишкекте ушундай баа беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан